УКМК 15 млн сомго азык-түлүк сатып алат

УКМК 15 млн сомго азык-түлүк сатып алат

УКМК азык-түлүк сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалыматка караганда, азык-түлүк сатып алууга 15 млн 34,3 мин сом сарптоо пландалууда.

Анын ичинен, жашылча жана жемиштер үчүн 1 млн 976,7 миң сом, азык-түлүккө (бакалея) – 3 млн 161,4 миң, сүт азыктарына – 2 млн 356,9 миң, акшак (крупа) жана макарон азыктарына – 1 млн 132,7 миң, уй этине – 4 млн 150,3 миң сом жана нан үчүн 2 млн 256,1 миң сом каралган.

Тендерди уткан компания азык-түлүктү (нандан тышкары) февраль – июль айы аралыгында жумасына 2-3 жолу Бишкектеги 4 дарек боюнча жеткирип берип турушу зарыл. Ал эми нанды күн сайын саат 06:30 — 07:30 аралыгында алып келип туруу керек болот.

Арыздар 26-январга чейин кабыл алынат.

Кененирээк маалыматты Мамлекеттик сатып алуулар порталынан алууга болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>