Москвада мекендештерин тоноп жүргөн кыргызстандык топ кармалды

Москвада мекендештерин тоноп жүргөн кыргызстандык топ кармалды

Мекендештерин уурдап, акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Россиянын укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташып келет. Андан сырткары, Россиянын аймагында биздин мекендештер тарабынан жасалган кылмыштарды жана укук бузууларды болтурбоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп келишүүдө.

Жакында адамдарды уурдоо жана опузалап, талап кылуу менен алектенген Кыргызстандын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ кармалды.

2023-жылдын 11-январында саат 02:00 чамасында Москва шаарынын аймагынан төрт белгисиз адам Кыргызстандын жаранын унаага отургузуп, сабашып, акча каражатын жана башка буюмдарын тартып алышкан. Андан соң өлтүрөбүз деп коркутушуп, 100 000 рублей өлчөмүндөгү акча каражатын берүүнү талап кылышкан.

Бул факты Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Бибирево району боюнча бөлүмүндө катталган. Россиянын Тергөө комитетинин Москва шаарынын Бутырск райондор аралык тергөө бөлүмү Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Россия дагы өкүлчүлүгү Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кыргызстандын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Алар:

«Аза большой» каймана аттуу Базар-Коргон районунун тургуну 1992-жылы туулган Ж.А., Базар-Коргон районунун тургуну 1992-жылы туулган О.уулу Э., Лейлек районунун тургуну 1988-жылы туулган С.А., Талас районунун тургуну Ж.Н. болушат. Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүүлөрдүн биринен тапанча жана бычак табылган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россия дагы өкүлчүлүгү кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин, ошондой эле бул кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо максатында полициянын аймактык бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташууну улантууда. Жогорудагы кылмыштуу топтордон жапа
чеккен жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат, анткени, мекендештерге жасалган бул кол салуу бир гана окуя эмес.

Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен Кыргызстандын жарандары Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө +7 926 890-87-00 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөбүз. Купуялуулукка кепилдик берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>