Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Казакстандын мурдагы маданият министри камакта калтырылды
22.01.2023 | 11:22
17-январда Астананын адистештирилген район аралык тергөө соту мурдагы маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын абактагы мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу 20-январда жергиликтүү басылмалар билдирди.
Маалыматка караганда, ал дагы бир айга камакта калтырылган.
Арыстанбек Мухамедиулы 2022-жылы майда камалган. Ошол маалда ал Улуттук музейди жетектеп турган. Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы аткаминер “Алтын адамдын дүйнө музейлерин кыдырышы” деп аталган эл аралык көргөзмөгө бөлүнгөн каражаттан 146 миллион теңге (335 миң доллар) кымырып алган деп шектелип жатканын билдирген.
Арыстанбек Мухамедиулы 2014-жылдын август айынан баштап 2019-жылдын июнь айына чейин Казакстандын маданият жана спорт министри болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар