Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкектеги үрөй учурган жол кырсыктын видеосу
22.01.2023 | 12:15
Кечээ, 21-январда Бишкектин А. Токомбаев көчөсүндө (Жукеев-Пудовкин көчөсүнө жакын жерде) жол кырсыгы болду.
Унаа жол кырсыгына кабылган учур видеого түшүп калган.
Унаа жолдо келе жатып, жарнамалык тактанын тирөөчүнө сүзүлүп, экиге бөлүнүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, анын ичинде төрт киши келе жаткан. Жол кырсыктан эки адам каза болуп, экөө жабыркаганы айтылууда.
Милициянын кайгуул кызматы аталган жол кырсык жана жабыркагандар тууралуу маалыматты тактап берерин билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз