«Кепилдик капиталынын бир сому 10 сом насыя бере алат» – Нургүл Акимова туризмди өнүктүрүү тууралууСоцфонддун өз тизмеси бар. Айрым айылдар жеңилдиктерден кур калдыБишкекте 103 жашында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Василий Пухарев дүйнөдөн кайттыАжылык сапары 11-майдан тарта башталат: КМДБ өлкөгө кирүүнүн катаал эрежелерин эскертти«Акылман» лицейинин бүтүрүүчүлөрүнө чет өлкөдө окууга мамлекеттик грант берилетДепутаттар «Баатыр энелердин» балдарына билим берүү жеңилдиктерин берүүнү жактырышты
Майлуу-Сууда 810 жакыр үй-бүлө азык-түлүк топтомун алды
22.01.2023 | 13:16
Майлуу-Суу шаарынын 810 жакыр үй-бүлөсү азык-түлүк топтомун алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, министрликтин шаардык башкармалыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте шаардагы 810 жакыр үй-бүлөгө ун, май жана кант түрүндөгү азык-түлүк топтомдорун тапшырган.
“13-январдан тартып Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Сууктарга байланыштуу шаарды суу менен камсыздай турган трубалар тонуп калган. Натыйжада, калкка жылуулук жана таза суу берүү токтотулган. Учурда ондоо иштери болуп жатат”, – деп билдирет министрлик.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом