Бишкектеги үрөй учурган жол кырсык. Эки адам каза болду

Бишкектеги үрөй учурган жол кырсык. Эки адам каза болду

Кечээ, 22-январда Бишкектин А. Токомбаев (Түштүк Магистраль) менен Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн кесилишинде болгон жол кырсыктан эки киши каза болуп, экөө жабыркаган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык болжол менен саат 23:20да болгон. Kia Sorento унаасы А. Токомбаев көчөсү менен батыш багытта бара жатып, айдоочу рулга ээ боло албай, жарнамалык тактанын тирөөчүнө сүзүлүп, унаа экиге бөлүнүп кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен эки жүргүнчү каза болгон. Бири 22 жаштагы К.А. уулу, экинчиси 20-25 жаштагы кыз. Өздүгү такталууда.

Андан тышкары 18 жаштагы У.Н. аттуу айдоочу кыз менен 19 жаштагы Б.А. аттуу жүргүнчү кыз ооруканага түшкөн.

Учурда экиге бөлүнүп кеткен унаа айып аянтчасына жеткирилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери башталган.

Унаа жол кырсыгына кабылган учур видеого түшүп калган.

Бишкектеги үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>