Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Майлуу-Суу: Тоңгон түтүктөрдү дөңгөлөк жагып, эритүү иштери уланууда – видео
23.01.2023 | 09:00
Майлуу-Суу шаарында таза суунун тоңгон түтүктөрүн эритүү иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 22-январда 9 чакырым аралыктагы тоңгон түтүктөрдү эритүү иштери жүргүзүлгөн. Бүгүн, 23-январдан тарта 6 чакырым аралыгында эритүү иштери аткарылат.
Тоңгон түтүктөр дөңгөлөктөр жагылып эритилүүдө.
Эскерте кетсек, 12-январда катуу сууктун айынан Майлуу-Суу шаарында суу түтүктөрү тоңуп, таза суу жана жылуулук менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Учурда шаардын көпчүлүк бөлүгүндө жылуулук берүү калыбына келтирилгени кабарланган (акыркы маалыматтар боюнча 70%га жакыны).
Ошол эле учурда таза суу бериле элек. Элге суу ӨКМ тарабынан унаалар менен ташылып берилүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом