Грек-рим күрөшү. Кимдер Кыргызстандын чемпиону болду?

Грек-рим күрөшү. Кимдер Кыргызстандын чемпиону болду?

Кечээ, 21-январда башталган Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча чемпионаты бүгүн, 22-январда жыйынтыкталды.

Биринчилик Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында өттү.

Мелдештин экинчи күнүндө 60, 67, 77, 87 жана 130 кг салмакта таймаштар өтүп, өлкө чемпиондору аныкталды.

Кечээ чемпионаттын биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82 жана 97 кг салмак категориясы боюнча кармаштар өтүп, жеңүүчүлөр белгилүү болгон.

Эртең, 23-январда Кыргызстандын эркин күрөш боюнча биринчилиги башталат.

Биринчиликке Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудовдор (77 кг) катышкан жок.

Мелдештин экинчи күнүнүн жеңүүчүлөрү жана байге ээлери (60кг):

1-орун – Абдуллаев Нурмухаммет

2-орун – Сулайманов Акыл

3-орун – Жапаров Курманбек

3-орун – Таалайбек уулу Афтандил

 (67кг):

1-орун – Бейшекеев Раззак

2-орун – Шаршенбеков Тынар

3-орун – Ибрагимов Халмурат

3-орун – Чыныбек уулу Равшан

 (77 кг):

1-орун – Максатбек уулу Ырыскелди

2-орун – Марс уулу Эрлан

3-орун – Орункул уулу Бекзат

3-орун – Бердиев Алибек

 (87 кг):

1-орун – Азисбеков Атабек

2-орун – Салидинов Азат

3-орун – Царёв Руслан

3-орун – Асыкеев Калидин

 (130 кг):

1-орун – Ким Роман

2-орун – Марков Миляс

3-орун – Ормонов Самаган

3-орун – Манатбеков Эрлан

Грек-рим күрөшү. Өлкө чемпионатынын биринчи күнүнүн жыйынтыгы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>