Бишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштадыМанас шаарында эл аралык китеп фестивалы өтөт
Баткенде Рашид уулу Руслан 9 айдан бери дайынсыз болууда
30.01.2023 | 10:01
Баткен облусунда 27 жаштагы Рашид уулу Руслан изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен районунун Бужум айылынын 47 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган.
Анда ал 2022-жылдын 29-апрель күнү уулу – 1995-жылы туулган Рашид уулу Руслан өзү жашаган үйдөн чыккан бойдон кайра кайтып келген эместигин билдирип, аны издөөгө көмөктөшүүнү суранган.
Белгилери: арык чырай, көзү кара түстө, чачы күрөң, бою 165-170 см, психикалык жактан жабыркабайт.
“Эгерде Рашид уулу Руслан тууралуу билгендер болсо, Баткен РИИБге (03622) 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74 номурлары аркылуу кабарлап коюңарды өтүнөбүз”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом