Бишкектин тургунун жарым миллион сомго алдап кетишти. Чоо-жайы

Бишкектин тургунун жарым миллион сомго алдап кетишти. Чоо-жайы

Каракол шаарында алдамчылык кылмышынын бети ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 14-январда Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз билдирүүсүндө, 13-январда Сардар аттуу жаран ишенимине кирип, металл сыныктарын алуу үчүн 528 000 сом акча каражатын алганын, андан кийин жашырынып кеткенин билдирген.

Арыз ээси түшүндүргөндөй, январь айынын башында ага Сардар аттуу жигит телефон чалып, 78 тонна металл сыныктарын 19,5 сомдон сатып алууну сунуш кылган. Мындан тышкары, уюлдук телефон аркылуу Каракол шаарындагы темир сыныктардын сүрөттөрү жөнөткөн. Жолугушкан учурда ал андан Каракол шаарына баруу үчүн 10 000 сом жана металл сыныктарын ташуу үчүн жүк ташуучу унааны ижарага алуу үчүн 18 000 сом сураган. 13-январда алар Каракол шаарында жолугуп, ал жерден металл сыныктарын сатып алуу үчүн 500 000 сом сурап, акчаны алып жашырынып кеткен.

Бул факт Каракол ШИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жакында Каракол ШИИБдин кылмыш ишиктөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө алдамчылык боюнча шектүү жаран аныкталып, кармалган. Ал 1982-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну Д.С. болуп чыкты.

Каракол шаардык соту тарабынан кармалган адамга карата ушул жылдын 2-февралына чейин камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>