Кайда экенин билебиз, бирок жетүү мүмкүн эмес: Тоолор Наталья Наговицинаны коё берген жокКыргызстанда калктын саны 7,3 миллион адамга жеттиБишкекте “Достуктун алтын көпүрөсү” эстелиги ачылдыБыйыл Кыргызстан Ооганстанга жүк ташуучу унаалардын экспортун көбөйттүКыргызстанда 3400дөн ашык айдоочуга ОСАГО жоктугу үчүн айып пул салындыБишкектеги жол оңдоо иштери качан бүтөт? Тургундардын сабырын сынаган тыгын
Zagreb Open мелдеши: Айсулуу Тыныбекова ким менен күрөшөт?
02.02.2023 | 10:02
Хорватиянын борборунда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинде кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын (62 кг) биринчи атаандашы белгилүү болду.
Аталган мелдеш 1-февралда башталган, 5-февралда жыйынтыкталат.
Айсулуу Тыныбекова бул мелдеште таймашты квалификациялык раунддан баштайт. Анын биринчи атаандашы кытайлык Сяоцзюан Луо болот. Ал 30 жашта, былтыр дүйнө биринчилигинде коло тагынган, Азиянын эки жолку чемпиону болуп саналат.
Ал эми Тыныбекова – Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, дүйнөнүн эки жана Азиянын төрт жолку чемпиону. Ал таймашка эртең, 3-февралда чыгат. Алгачкы кармаштар саат 15:00до башталат. Мелдешти uww.org сайтынан түз эфирде көрүүгө болот.
Аталган мелдешке Айпери Медет кызы да (76 кг) катышууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт