Кыргызстанда расмий делегацияларга улуттук кийим кийгизүү сунушталды  

Кыргызстанда расмий делегацияларга улуттук кийим кийгизүү сунушталды  

Жогорку Кеңештин 1-февралдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев белгилегендей, мыйзам долбоору мамлекеттик маанидеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү тартибин аныктаган Кыргызстандын Мамлекеттик протоколунун негизги жоболорун регламенттеген мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

“Анын ичинен мыйзамдын 1-тиркемесинин 16-главасын эркектер жана аялдар үчүн протоколдук улуттук кийимдерди колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу пункттар менен толуктоо сунушталууда”, – деди Артыкбаев.

Талкуу маалында депутаттары жогорку деңгээлдеги меймандарды тосууда улуттук кийимдерди колдонуунун маанилүүлүгүнө токтолушуп, бул жаатта жасала турган иштерди колдой тургандыктарын белгилешти.

Өз кезегинде депутат Чолпон Султанбекова расмий иш-чаралар үчүн улуттук кийимдердин атайын үлгүсүн бекитүү маселеси тууралуу сөз кылып, “Кыргызстандын делегациясы чет өлкөлүк иш сапарларга чыкканда эркектер башына калпак кийе турганы белгилүү, ал эми аялдардыкы кандай болот?” деп сурап, бул багытта министрлик тагыраак сунуштама бериши керектигин белгиледи.

Ал эми депутат Исхак Масалиев протоколдук тартип боюнча депутаттар кайсы орунда турарын сурады. Министрдин орун басары депутаттар 8-орунда турарын билдирди.

Мындан тышкары, эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков протокол кыргыз элинде эзелтен бар экенин айтып, буга устукандардын бөлүнүшүн мисал кылды. Андыктан улуттук баалуулуктарга негизделген протокол эрежелери сакталышы керектигин кошумчалады.

Ошондой эле депутаттар тарабынан бир катар маселелер көтөрүлүп, айрым ченемдер боюнча сындар айтылды. Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, бирок сунуш четке кагылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>