Ошто Кытай жараны кармалды

Ошто Кытай жараны кармалды

Ошто мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан маалымдашты.

Маалыматка камраганда, Ош ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери 2023-жылдын 26-январь күнү жүргүзүшкөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Өзбекстандын аймагында кылмыш жасап, ал жактан изин жашыруу максатында Кыргызстанга мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн Кытай Эл Республикасынын жараны 44 жаштагы Чж. Д. кармалган.

Бул чет өлкөлүк жаран Ош шаарындагы мейманканалардын биринде жашынып жүргөн.  Кытай Эл Республикасынын 44 жаштагы жараны Чж. Д. Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери  боюнча шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты боюнча иликтөө иштерин Ош ОИИБдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Кытай Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>