Бишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайт
Zagreb Open мелдеши: Бүгүн Айпери Медет кызы күрөшөт
04.02.2023 | 09:30
Бүгүн, 4-февралда кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Хорватиянын борборунда өтүп жаткан Zagreb Open рейтингдик мелдешинде таймашка чыгат.
Медет кызы кармашты 1/8 финалдан баштайт. Анын биринчи атаандашы индиялык Киран Киран болот.
Алгачкы кармаштар саат 15:00до башталат. Мелдешти uww.org сайтынан түз эфирде көрүүгө болот.
Аталган мелдеш 1-февралда башталган, 5-февралда жыйынтыкталат.
Эскерте кетсек, 3-февралда аталган мелдештин алкагында Айсулуу Тыныбекова күрөшүп, биринчи беттешинде кытайлык атаандашына жеңилип калган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт