Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Кыргызстанда бензин арзандады
07.02.2023 | 15:45
Дүң соода сегментинде баанын төмөндөшүнө байланыштуу 2023-жылдын башынан тартып чекене сегментте күйүүчү-майлоочу майларга баанын төмөндөө тенденциясы байкалган.
Монополияга каршы кызматынан билдиришкендей, Бишкекте жыл башына салыштырмалуу АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин арзандашы 1 литри 5 сомду, дизель майынын 1 литри 1,2 сомго чейин арзандады.
Аталган кызмат баанын төмөндөшү Бишкек шаарында да, республиканын башка аймактарында да майда нефтетрейдерлердин баасына таасирин тийгизгенин белгилейт.
“Февраль айында баа рыноктун негизги оюнчулары тарабынан акырындык менен төмөндөйт. Бул күйүүчү-майлоочу майдын 1-1,5 айлык запасын эске алуу менен пландалууда, – деп айтылат маалыматта.
