Москвада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдүС 2026-жылдан тартып Кыргызстандагы соттор санариптик тартипте иштей баштайтУлуттук Инвестициялар Агенттиги: «Хуа Руй» автоклавдык газобетон заводу ишке берүүгө дээрлик даярБишкекте кыймылсыз мүлккө болгон баалардын төмөндөшү катталдыКыргызстанда жогорку класстардын окуучулары үчүн эркин республикалык тестирлөө өткөрүлөт
«Манас» эпосун жайылтуу боюнча концепция бекитилди
14.02.2023 | 09:16
“Манас» эпосун изилдөө жана жайылтуу боюнча концепция бекитилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынган.
“Аталган чечим президенттин 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгын жана “Манас – улут биримдиги жана ынтымагы” маалымат өнөктүгүнүн концепциясын ишке ашыруу максатында кабыл алынган”, – деп айтылат маалыматта.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы