Кытайлык ишкерлер Кыргызстанга инвестиция салууга кызыктар

Кытайлык ишкерлер Кыргызстанга инвестиция салууга кызыктар

Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Азыгалиев, Исхак Масалиев жана Карим Ханджеза кытайлык инвесторлор менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө кытайлык инвесторлор курулуш, кайра иштетүү, айыл чарба жана мал чарбасы өңдүү экономиканын приоритеттүү тармактарына инвестиция салууга кызыктар экендиктерин билдиришти.

Улуттук холдинг корпорациясынын өкүлдөрүнүн айтымында, алар бардык долбоорлорунда алдыңкы технологияларды колдонуу менен заманбап өнүгүүгө өзгөчө көңүл бурушат, ошондой эле санариптик тармакка инвестиция салышат.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз парламенти бардык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон колдоолорду көрсөтүүгө даяр экендиктерин белгилешти.

Анын ичинен Кыргызстандын курулуш, өнөр жай, соода жана тоо-кен тармактарында ар кандай эл аралык кытай компаниялары жана корпорациялары менен ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы бар экенин кошумчалашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>