Түрмөгө баңгизат ыргытууга аракет кылган эки жигит кармалды
Москва районунун Беловодск айылында жайгашкан №16 түзөтүү мекемесине эки жаран баңгизатын киргизүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, 16-февралда “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа менен мекеменин түндүк тарабынан ал жакка өтүүгө аракет кылган 1994-жылы туулган М.У.Э. жана 2000-жылы туулган Ш.Б.Н. аттуу жарандар кармалган.
Алардын унаасынан скотч менен оролгон, кара-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар, гашиш баңгизатына окшош, жалпы салмагы 719 граммды түзгөн 2 таңгак алынган.
Бул факты Чүй облусунун Москва райондук милициясына катталып, кармалгандарга карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
[image_carousel source=”media: 178427,178428,178429,178430″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз