Жапония Украинага 5,5 млрд $ бөлөт

Жапония Украинага 5,5 млрд $ бөлөт

Жапония талкаланган аскердик инфраструктураны калыбына келтирүү үчүн Украинага 5,5 млрд доллар өлчөмүндө жардам берет. Бул тууралуу 20-февралда өлкөнүн премьер-министри Фумио Кисида Токиодогу глобалдык форумда билдирди.

Ал мындан тышкары Украина президенти Владимир Зеленскийди “Чоң жетиликтин” (G7) онлайн-саммитине катышууга чакырды. Associated Press агенттиги кабарлагандай, саммит учурунда G7 өлкөлөрү Украинага көрсөтүлө турган колдоонун кийинки кадамдарын талкуулашат.

Согуш башталгандан бери Жапония Украинага 600 млн доллар өлчөмүндө каржылай жана дагы жүздөгөн млн долларга гуманитардык жардам жөнөттү.

Жапония Орусияга каршы АКШ жана Евробиримдик киргизген санкцияларга кошулган. Өлкө Орусияга вакцина, медициналык жабдууларды жана роботторду жеткирүүгө тыюу салган. Мындан тышкары радиоактивдүү материалдарды, атомдук объектилердин тетиктерин, мунай жана газды чалгындоо үчүн жабууларды берүү токтогон. Жапония орус жарандарына жана компанияларына да санкция салган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>