Түрмөгө баңгизат ыргытууга аракет кылган эки жигит кармалды

Түрмөгө баңгизат ыргытууга аракет кылган эки жигит кармалды

Москва районунун Беловодск айылында жайгашкан №16 түзөтүү мекемесине эки жаран баңгизатын киргизүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 16-февралда “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа менен мекеменин түндүк тарабынан ал жакка өтүүгө аракет кылган 1994-жылы туулган  М.У.Э. жана 2000-жылы туулган Ш.Б.Н. аттуу жарандар кармалган.

Алардын унаасынан скотч менен оролгон, кара-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар, гашиш баңгизатына окшош, жалпы салмагы 719 граммды түзгөн 2 таңгак алынган.

Бул факты Чүй облусунун Москва райондук милициясына катталып, кармалгандарга карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>