Капиталы 25 млн доллар: Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт

Капиталы 25 млн доллар: Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт

Жогорку Кеңештин 20-февралдагы Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «2022-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Азербайжан өкмөтүнүн ортосундагы Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Канатбек Абдрахманов белгилегендей, Фонд Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкка көмөк көрсөтүү, өнөр жайды модернизациялоо жана өнүктүрүү, экономикалык эки тараптуу кызматташтыкты натыйжалуу пайдалануу жана арттыруу максатында уюштурулат.

Баяндамачы Азербайжан тараптын Фонддун уставдык капиталына кошкон салымы 25 млн АКШ долларын түзөөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары, жыйында «2022-жылдын 26-августунда кол коюлган 2002-жылдын 7 — октябрындагы Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу төртүнчү протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>