Эльдар Алишеров министрлик кызматка дайындалды

01.03.2023 | 23:50

Эльдар Алишеров Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭК сайтында маалымдалды.

ЕЭКтин жаңы министри Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдарында жетекчилик кызматта чоң тажрыйбага ээ.

Ал 2022-жылдан бери президенттик администрациянын Евразия экономикалык биримдигинин маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.

1985-жылы 18-сентябрда Бишкек шаарында туулган.

Билими: 

– Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн (2002-2007), мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча адис.

– Кыргыз экономикалык университетинин магистратурасы (2015-17), магистр.

Эмгек жолу: 

– 02.08.2008 – 30.04.2008 – Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин экономика факультетинде стажер;

– 06.09.2008 – 31.03.2010 – “АТФ Банк-Кыргызстан” ААК кызматкери;

– 04.01.2010 – 28.08.2010 – Экономикалык тескөө министрлигинин Лицензиялоону жана ЖТБны жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги;

– 01.04.2011 – 20.04.2014 – Өкмөттүн Аппаратынын кызматкери;

– 21.04.2014 – 30.08.2017 – жеке уюмдарда иштеген;

– 12.2015-жылдан тартып – вице-премьер-министрдин кеңешчиси;

– 17.11.2017 – 29.12.2017 – өкмөттүн Аппаратынын кызматкери;

– 23.07.2018 – Экономика министринин орун басары;

– 02.2021-10.2021 – Экономика жана финансы министринин орун басары;

– 10.2021 – 04.05.2022 – Экономика жана соода министринин орун басары;

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси

Сыйлыктары:

– Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин Ардак грамотасы;

– Экономиканын отличниги;

– Монополияга каршы органдын отличниги,;

– Өкмөттүн Аппаратынын Ардак грамотасы.

Үй-бүлөлүү, 2 балалуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Scroll to Top