Эльдар Алишеров министрлик кызматка дайындалды

Эльдар Алишеров министрлик кызматка дайындалды

Эльдар Алишеров Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭК сайтында маалымдалды.

ЕЭКтин жаңы министри Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдарында жетекчилик кызматта чоң тажрыйбага ээ.

Ал 2022-жылдан бери президенттик администрациянын Евразия экономикалык биримдигинин маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.

1985-жылы 18-сентябрда Бишкек шаарында туулган.

Билими: 

— Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн (2002-2007), мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча адис.

— Кыргыз экономикалык университетинин магистратурасы (2015-17), магистр.

Эмгек жолу: 

— 02.08.2008 – 30.04.2008 – Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин экономика факультетинде стажер;

— 06.09.2008 — 31.03.2010 — «АТФ Банк-Кыргызстан» ААК кызматкери;

— 04.01.2010 — 28.08.2010 — Экономикалык тескөө министрлигинин Лицензиялоону жана ЖТБны жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги;

— 01.04.2011 — 20.04.2014 — Өкмөттүн Аппаратынын кызматкери;

— 21.04.2014 — 30.08.2017 — жеке уюмдарда иштеген;

— 12.2015-жылдан тартып — вице-премьер-министрдин кеңешчиси;

— 17.11.2017 — 29.12.2017 — өкмөттүн Аппаратынын кызматкери;

— 23.07.2018 — Экономика министринин орун басары;

— 02.2021-10.2021 — Экономика жана финансы министринин орун басары;

— 10.2021 — 04.05.2022 — Экономика жана соода министринин орун басары;

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси

Сыйлыктары:

— Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин Ардак грамотасы;

— Экономиканын отличниги;

— Монополияга каршы органдын отличниги,;

— Өкмөттүн Аппаратынын Ардак грамотасы.

Үй-бүлөлүү, 2 балалуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>