Кемпир-Абад иши: Абылов ооруканадан СИЗОго которулду

Кемпир-Абад иши: Абылов ооруканадан СИЗОго которулду

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов 1-мартта Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнөн Бишкектеги №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу анын адвокаты Эркин Булекбаев билдирди.

«Абыловдун операциясы ийгиликтүү болду, анализдери да жаман эмес. Бирок ал дагы ооруканада жатышы керек. Бул чечимге эч ким канааттанган жок», – деди Булекбаев.

Абылов ден соолугуна байланыштуу тергөө абагынан Улуттук госпиталдын урологиялык бөлүмүнө 7-февралда которулган.

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин уюштуруучусу Мамбетжунус Абылов «Кемпир-Абад ишине» байланыштуу камакка алынгандардын бири.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Учурда аталган иш боюнча камалгандардан Перизат Суранова, Равшан Жээнбеков жана Клара Сооронкулова ооруканага жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>