ЕЭК антимонополдук көзөмөлгө жасалма интеллектти киргизүүнү пландаштыруудаБШК мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулун депутаттык мандатынан ажыраттыОштун жаңы мэри Жанар Акаев жөнүндө эмнени билүү керек: Өмүр баяны жана чуулгандуу билдирүүлөрүИран аскердик машыгуулар үчүн Ормуз кысыгын убактылуу жаптыБалдарды зордуктоо кылмышы үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын киргизүү сунушталуудаМигранттардын Кыргызстанга акча которуулары тарыхый жогорку чекке жетти
Финансы министрлигинин кызматкери алдамчылыкка шектелүүдө
03.03.2023 | 13:34
Финансы министрлигинин Баалуу металдар департаментинин директорунун Ж.М. аттуу орун басары алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ж.М. жооптуу кызматты ээлегенине таянып, М.С. аттуу жарандын ишенимине кирип, аны мамлекеттик органдарга ишке орноштурууга убада берип, алдамчылык жолу менен 700 долларды ээлеп алганы аныкталган.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз