Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Монополияга каршы кызматы Ош базарындагы бааларды текшерди
09.03.2023 | 17:34
Бишкектин базарларында азык-түлүк тартыштыгы жок. Товарларды жеткирүү үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош базарындагы социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлгөн. Өткөн аптада Аламүдүн базарындагы баалар да текшерилген.
“Өсүмдүк майынын, эттин, ундун жана канттын баасына өзгөчө көңүл бурулду. Ишкерлердин айтымында, товарлар үзгүлтүксүз жеткирилүүдө. Азык–түлүк тартыштыгы жок, калктын ашыкча суроо–талаптары жок”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, шаардын базарларында айрым азык-түлүк товарларына, ун менен кумшекерге болгон баа төмөндөөдө. Январь айына салыштырмалуу март айында өсүмдүк майы, кум шекер, пияз арзандаган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом