Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Баткенде беш жашар баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
15.03.2023 | 15:30
Баткен облусунун Кадамжай районунда беш жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 14-мартта болжол менен саат 21:45те Кызыл-Булак айылында белгисиз айдоочу беш жаштагы А.Н. аттуу баланы сүзүп, окуя жеринен качып кеткен. Натыйжада ал Кадамжайдагы оорукананын сыныктар бөлүмүнө жаткырылган.
Бул окуяга байланыштуу айдоочуну кармоо боюнча иш-аракеттер көрүлүп, Daewoo Nexia унаасынын 69 жаштагы М.Н. аттуу айдоочусу кармалган. Ал унаасын Кызыл-Булак айылындагы үйлөрдүн биринде жашырып койгон.
Унаа айып аянтчасына токтотулган. Иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз