Антиквардык буюмдарды уурдаган адам манжа изи аркылуу кармалды

Антиквардык буюмдарды уурдаган адам манжа изи аркылуу кармалды

Каракол шаарында милиция кызматкерлери антиквардык буюмдарды уурдаган жаранды манжа издери аркылуу табышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 6-февралында Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө Б.В. аттуу 30 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында, үйүндө жок болгон мезгилде, белгисиз адамдар үйүнө тымызын киришип, антиквардык буюмдарын, башкача айтканда күмүш жана мельхиор идиш-аяктарын, трофейдик кортиктерин, коло шам кармагычтарын, чоюндан куюлган статуэткаларын, төш белгилерин жана башка буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам топ тарабынан окуя болгон жерди кароо жүргүзүү учурунда манжа издери алынып, аны идентификациялык изилдөө жүргүзүнүн негизинде издер кимге таандык экенин аныкташкан. Ал мурда уурдоо кылмышы үчүн соттолуп келген жана шаардык милициянын каттоосунда турган Каракол шаарынын 28 жаштагы тургуну Б.Н. болуп чыкты.

Шектүүнүн үйүндө санкцияланган тинтүү жүргүзүүдө, уурдалган антиквардык буюмдардын бир бөлүгү табылып, далил зат катары алынган. Ошондой эле, алынган далил заттар арыз ээси тарабынан танылган.

Шаардык соттунун чечими боюнча шектүүгө карата тергөө учурунда үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Тергөө амалдары уланууда жана башка уурдалган антиквардык буюмдарды издеп табуу боюнча иштер жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>