Биринчи айым Айгүл Жапарова майрамга элечек кийип келди
Бүгүн Бишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамы белгиленип жатат.
Иш-чарага Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова катышууда. Биринчи айым майрамдын урматына улуттук элечек кийип келди.
Куттуктоо сөзүнөн кийин Садыр Жапарова менен Айгүл Жапарова аянтка орнотулган боз үйлөргө барышты.
Саат 12:30дан баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлеринин концерттик программасы тартууланат.
[image_carousel source=”media: 182457,182456,182455″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз