Бишкекте синтетикалык баңгизаттарды сатууга бөгөт коюлду — шектүү кармалды17-июль: Кыргызстанда абанын температурасы +43°Сге чейин көтөрүлөтБишкекте майыптыгы бар балдар үчүн жайкы спорттук машыгуулар уюштурулду«Асман Эйрлайнс» Ысык-Көл менен Баткендин ортосундагы алгачкы түз каттамды аткардыЭмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдүУлуттук тарых музейи менен Франция музей адистерин биргелекте окутат
Тоңдо заманбап ФАП ачылды
21.03.2023 | 10:19
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок №1 айылында Эркин Абдрахманова атындагы фельдшердик-акушердик пункт ачылды.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев, аким Байышбек Астанакулов, Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Койгелдиев жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, жалпы аймактагы айыл эли катышты.
Аталган айылдагы ФАП теңдештирүүчү (стимгранттын) гранттын эсебинен курулуп пайдаланууга берилди. Заманбап, ыңгайлуу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун пайдаланууга берилиши элет эли үчүн көптөн күткөн үмүттүн акталышы болду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом