Бүгүн, 5-апрель күнү Сербиянын биринчи вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри Ивица Дачич Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, «Манас» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев тосуп алды.
Сапардын алкагында кыргыз-серб кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулоо максатында Тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаевдин серб кесиптеши менен жолугушуусу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз