Чүй: Бир канча кишини сызга отургузган киши колго түштү

Чүй: Бир канча кишини сызга отургузган киши колго түштү

Сокулук районунда алдамчылыктын бир нече эпизоду боюнча шектүү кармалганын Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 2021-жылдын август айында Новопавловка айылынын тургуну  А.Т. аттуу жаранга 1956-жылы туулган А.Ш аттуунун таанышы 1968-жылы туулган З.Б. келип, баасы 4100 АКШ долларлык DaimlerChrysler 208D үлгүсүндөгү унааны сатып алабыз деген шылтоо менен 300 АКШ долларын берип, калганын октябрь айында берем деген тил кат менен алып кеткен. Ошол бойдон акчадан же унаадан жок, из жашырып кетишкен.

Бул факты боюнча Сокулук РИИБ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы жарандардын башка алдамчылык фактыларына катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Алар 2021-жылдын июнь айында Мрамор айылынын тургуну Р.К.дан 277 кг этти 121 880 сомго баалап алышкан. Акчаны да беришкен эмес.

Дагы 2022-жылдын апрель айында Жал айылынын тургуну Б.К.дан 95 000 сомго баалап, май айында кайтарып берем деп бир бээ алып, бирок акчасын кайтарып беришкен эмес.

Ошондой эле  2022-жылдын январь айында Новопавловка айылынын тургуну М.Б.га ипотекага үй алууга жардам берүүнү убадалашып, андан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын жана 210 000 сомун алып кетишкен. Ошондон кийин убадасын аткарбай, көздөн кайым болгон.

2023-жылдын февраль айында кылмышка шектүү А.Ш. кармалган. Ага алдамчылык боюнча бир нече эпизоддор боюнча айып тагылып, кылмыш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн. Ал эми кылмышка шектүү катары З.Б. материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн, анткени анын жайгашкан жери белгисиз бойдон калган.

2023-жылдын 5-апрелинде Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан З.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайда камалган.

Тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>