Абдымомунов Спорт жана дене тарбия департаментине директор болду

Абдымомунов Спорт жана дене тарбия департаментине директор болду

Айбек Абдымомунов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Спорт жана дене тарбия департаментинин директору болуп дайындалды.

Жаңы жетекчи бүгүн, 5-апрелде мекеменин кызматкерлерине тааныштырылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Буга чейин Абдымомунов Спорттук курулуштар жана спортту колдоо департаментинин директору болуп иштеген.

Ал эми мекемени Канат Шабданбаев жетектеген болчу.

Абдымомунов Айбек Тынчылыкович 1983-жылы 15-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган.
2004-жылы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин дене тарбия адистиги аяктаган.
Бокс менен 6-классынан тарта машыгып, эң жакшы натыйжаларга жетишкен.
Эмгек жолу:
2002-ж. Каракол шаарындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде бокс боюнча машыктыруучу.
2005-2010-ж.ж. Түп балдар-өспүрүмдөр мектебинде бокс боюнча машыктыруучу.
2010-ж. Бишкек шаарынын бокс боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде окуу бөлүгү боюнча директордун орун басары.
2011-2014-ж.ж. Жеке ишкерлик менен алектенген.
2014-2015-ж.ж. Бишкек шаарынын бокс боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору.
2015-2016-ж.ж. бокс боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебин кайра уюштурууга байланыштуу спорттук мушташ өнөрү боюнча директордун орун басары.
2016-2017 – ж.ж. Кыргыз Республикасынын спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу
2017-2018-ж.ж. Ысык-Көл облустук олимпидалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору.
2018 – ж. «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин спорт боюнча инструктору
2018-2019 -ж.ж. «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин өрткө каршы кызматынын башчысы.
2019-2020-ж.ж. Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун башчысы.
2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин директору.
Бокс боюнча улуттук категориядагы калыс, Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>