ЕАӨБ: Быйыл Кыргызстанда экспорттун көлөмү 26,3%га кыскарды2026-жылы дарыгерлердин айлыгы 50%га көтөрүлөтТойканаларда тойлор 22:00дө бүтө баштады: мыйзамдын автору эмне дейт?Кыргызстан туруктуу отунду өнүктүрүүдө глобалдык демилгелерге кошулатТоктогул шаарында толук жаңыланган борбордук стадиондун расмий ачылышы өттүБир жумада 24 миңден ашык жол эрежесин бузуу аныкталды
Акжол Махмудов Азия чемпионатында финалга чыкты
09.04.2023 | 16:11
Кыргызстандык Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты.
Турнир 9-апрелде Астанада башталган.
Махмудов 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштап, түркмөнстандык балбанды жеңип алды.
Жарым финалда кыргызстандык балбан жапониялык спортчуну жеңип, финалга чыгып, анын атаандашы ирандык балбан болмокчу.
Атабек Азисбеков (87 кг чейин) жарым финалда казакстандыкка утулуп, эми коло үчүн күрөшөт. Роман Ким (130 кг чейин) да 3-орун үчүн күрөшөт.
Сардарбек Конушбаев (55 килограммга чейин) менен Дастан Кадыров (63 килограммга чейин) стартта жеңилип, медалдар үчүн күрөштөн чыгып калышты.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт