Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Акжол Махмудов Азиянын үч жолку чемпиону болду
09.04.2023 | 19:48
Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утуп, чемпион болду.
Турнир 9-апрелде Астанада (Казакстан) башталган.
Махмудов 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштап, түркмөнстандык балбанды жеңип алды. Жарым финалда кыргызстандык балбан япониялык спортчуларды жеңип, финалга чыкты.
Турнирдеги чечүүчү кармашта Махмудов ирандык балбан менен беттешиши керек болчу, бирок ал жарым финалда жаракат алып, беттешүүдөн баш тартты. Мындан улам Махмудов үчүнчү жолу Азия чемпиону болду.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт