Ысык-Көлдөн 2 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды 

Ысык-Көлдөн 2 миң тоннадан ашык таштанды чыгарылды 

Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши ӨКМдин суучулдары тарабынан уланууда.

Аталган ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, өткөн жума ичинде облустун Түп районуна караштуу Фрунзе, Балбай, Кутургу, Түп айылдарына караган көлдүн аянттары тазаланды.

12-мартта башталган масштабдуу иш-чарада жалпы көл бетинен 39 000 гектар аянты камтылып, суу астынан 2835 тонна ар түрдүү таштанды, 34 500 метр балык уулоочу тор чыгарылды.

Эске салсак, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн флора жана фаунасын, тазалыгын сактоо максатында президент Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде 12-март күнү ‘Ысык-Көлдү коргойлу» иш-чарасы расмий түрдө башталган.

Ага ылайык бир катар министрликтерден атайы жумушчу топ түзүлүп, көлдөгү таштандыларды жана балык уулоочу торлордон арылтууга масштабдуу түрдө киришкен.

Аталган маанилүү иш-чарада негизги жумуш Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары тарабынан «Дельта» катери жана «Мөлтүр» кемеси менен аткарылууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>