“Көчмөн модасы фестивалы. МУУН 2025” 30-31 октябрда өтөтТокмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду«Телеграм» аркылуу ИГИЛ уюмуна тартылган кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына барды
Бүгүнтөн баштап мектептерге электрондук каттоо башталды
10.04.2023 | 09:09
Бүгүн, 10-апрелден баштап мектептерге электрондук каттоо башталды.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, электрондук каттоо эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап — юридикалык жашаган жери боюнча 25-июнга чейин, экинчи этап — жашаган жерине карабастан 26-июндан баштап 31-августка чейин жүрөт.
Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл. Сиздин суроолорго жооптор жана нускамалар порталдын башкы бетинде бар.
10-апрелден тарта дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9:00дөн 18:00гө чейин жарандарга кеңеш берүү үчүн чалуу борбору (110 телефону) иштей баштайт.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом