Бишкекте үйүндө спирт ичимдиктерин өндүргөн ишкер аныкталды

Бишкекте үйүндө спирт ичимдиктерин өндүргөн ишкер аныкталды

Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну өз үйүндө спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү менен алектенгени аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинин 2-бөлүмү (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) боюнча кылмыш ишин иликтөөдө.

Кампаларды жана башка объекттерди текшерүү Мамлекеттик салык кызматы жана «Кыргызалко» мамлекеттик ачык акционердик кооому менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Спирт жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү фактысы боюнча ушул жылдын март айында Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренесинин 2-бөлүмү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт кошулган ичимдиктерди өндүрүү жана сактоо мүмкүн делген бир катар даректер аныкталган.

Кийинки иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1971-жылы туулган О.Н. Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы үйүндө спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү менен алектенип, анын ичинен спирттей кескин жыты бар белгисиз суюктук куюлган 25 канистр, ар кандай маркадагы бөтөлкөлөрдүн алдыңкы бетине колдонула турган чаптамалар бар 12 куту, капкактар салынган кутулар, кескин жыты бар белгисиз суюктук куюлган канистрлер жана башкалар табылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн жаран «Берекет Универсал» соода борборундагы ири соода түйүндөрүнүн биринин ээси болуп, аны тинтүү учурунда күмөндүү акциздик маркасы бар жана акциздик маркасы жок 11 кутудан спирт жана спирт кошулган ичимдиктер алынган.

Соттун чечими менен ага карата 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган. Мындан тышкары, кылмыш ишине тиешеси бар болушу мүмкүн болгон буюмдарды жана документтерди табуу жана алуу максатында дагы бир нече даректерде, анын ичинде жеке менчик үйлөрдө, дүкөндөрдө, кампаларда тергөө амалдары жүргүзүлдү.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында тинтүү учурунда спирт кошулган ичимдиктер куюлган 17550 бөтөлкө, 1086 литр спирт, 3500 акциздик маркалар, көптөгөн бөтөлкө капкактары салынган куту жана башка буюмдар табылып алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>