Азия чемпионаты: Бүгүн Жоламан Шаршенбеков күрөшөт

Азия чемпионаты: Бүгүн Жоламан Шаршенбеков күрөшөт

Бүгүн, 10-апрелде Казакстанда өтүп жаткан Азия биринчилигинде грек-рим күрөшү боюнча 5 кыргызстандык балбан күрөшөт.

Азия чемпионатынын экинчи күнүндө Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг),  Адилхан Нурланбеков (72 кг), Акылбек Талантбеков (82 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) килем үстүнө чыгат. Беттештер КТРК-Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүүдө. Биринчи кармаштар саат 10:30да башталат.

60 кг (чейрек финал)

Жоламан Шаршенбеков — Үмит Дурдыев (Түркмөнстан) менен Сумит Сумиттин (Индия) беттешинин жеңүүчүсү

67 кг (квалификациялык баскыч)

Раззак Бейшекеев — Киотаро Согабе (Япония)

72 кг (квалификациялык баскыч)

Адилхан Нурланбеков — Лойки Аримхонзода (Тажикстан)

82 кг (чейрек финал)

Акылбек Талантбеков – Рохит Дахия (Индия) менен Арян Бин Азмандын (Сингапур) беттешинин жеңүүчүсү

97 кг (квалификациялык баскыч)

Үзүр Жусупбеков – Сейол Ли (Корея)

Эскерте кетсек, күрөш боюнча Азия биринчилиги 9-14-апрелде Астана шаарында өтүүдө. Мелдештин биринчи күнүндө кргызстандык беш балбан таймашка чыгып, алардын ичинен Акжол Махмудов (77 кг) алтын утуп, үчүнчү ирет Азия чемпиону болду.

Андан тышкары, Роман Ким (130 кг) коло байге тагынды.

Акжол Махмудов Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: КООМ , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>