Бишкектин айрым райондорунда 28-августта суу өчүрүлөтКитеп сатып албагыла! Жаңы окуу китептери мектептерге таратылатСентябрдан тарта Каракол – Алматы багытында автобустар каттай баштайтАльпинизм. Чокудагы биз билбеген кызыктар“Кыргызфильм” киностудиясына жаңы жетекчи дайындалдыМинистрлер кабинети күз-кыш мезгилине даярдыкты октябрга чейин бүтүрүүнү тапшырды
Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатында финалга чыкты
10.04.2023 | 13:56
Жоламан Шаршенбеков Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты.
Турнир учурда Астанада өтүп жатат.
Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.
Кыргызстандык балбан 1/4 финалдан баштап, алгач Индиянын спортчусун 53 секундда жеңип алды. Жарым финалда Шаршенбеков Япониядан келген балбандан күчтүү болду.
Финалда Шаршенбеков Түштүк Кореядан келген спортчу менен беттешет.
Буга чейин Акжол Махмудов Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утуп, чемпион болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт