Ош шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жататБШК Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныдыКыргызстанда жашоо минимуму 9 290 сомго чейин өстү«Түндүк» тиркемеси жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталы 17–18-апрелде ишин убактылуу токтототЖасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармадыУЭТК кышка чейин 760 чакырым жаңы кабелдерди тартып чыгат
Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары болот
11.04.2023 | 09:47
Бишкекте Кыргызстандын эл артисти, залкар төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум, булбулум ай” аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунан билдиришти.
Китептин бет ачары Улуттук тарых музейинде 20-апрель күнү саат 15:00 болот. Иш-чара сүрөт көргөзмөсү менен коштолот.
Башкы демөөрчү “Айтыш” коомдук фонду.
Эске салсак, Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын апрель айында 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Эл артисти 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген.
Элмирбек Иманалиев акын, обончу катары «Аруузатым», «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» сыяктуу эл оозундагы бир топ чыгармаларды жараткан.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз