Чүйдө төлөм терминалын уурдап кеткен учур видеого түшүп калган

Чүйдө төлөм терминалын уурдап кеткен учур видеого түшүп калган

Аламүдүн айылынын Полевое көчөсүндөгү Pay24 төлөм терминалын уурдап кеткен бир нече жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга К.И. аттуу жаран кайрылып, 1-апрелге караган түнү белгисиз адамдар дүкөнгө кирип, төлөм терминалын уурдап кетишкендигин, натыйжада 192 миң сом зыян келтирилгенин билдирген.

Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») боюнча кылмыш иши козголгон.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар адамдардын өздүгү жана жайгашкан жери аныкталган.  Алар Тогуз-Торо районунун 2004-жылы туулган Э.Б., 2002-жылы туулган У.Н., 2005-жылы туулган Н.Б., 2000-жылы туулган А.С. атттуу тургундары болгон.

Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы дүкөндөрдөн уурулук жана терминалдарды уурдоо боюнча дагы 15 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>