Адылбек Касымалиев Минск шаарында «Иннопром. Беларусь» көргөзмөсүнө катыштыСоциалдык келишим 300 миң сомго чейин: Кыргызстанда жакырчылыкты кыскартуу программасы иштелип чыктыЖаратылыш ресурстары министрлиги мергендерге аңчылык эрежелерин эскертти«Кыргызфильм» балдарга арналган мультфильмдердин долбоорлоруна сынак жарыяладыЖасалма интеллект жана киберкоопсуздук: Кыргызстанда ЖОЖдордун адистиктеринин тизмеси жаңыланатКыргызстан менен Түркмөнстан экономикалык алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар
Элмирбек Иманалиевдин обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары болот
11.04.2023 | 09:47
Бишкекте Кыргызстандын эл артисти, залкар төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум, булбулум ай” аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары өтөт. Бул тууралуу “Айтыш” коомдук фондунан билдиришти.
Китептин бет ачары Улуттук тарых музейинде 20-апрель күнү саат 15:00 болот. Иш-чара сүрөт көргөзмөсү менен коштолот.
Башкы демөөрчү “Айтыш” коомдук фонду.
Эске салсак, Элмирбек Иманалиев 2020-жылдын апрель айында 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Эл артисти 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген.
Элмирбек Иманалиев акын, обончу катары «Аруузатым», «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» сыяктуу эл оозундагы бир топ чыгармаларды жараткан.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз