Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Москва районунда 154 млн сомдук ипподром мамлекетке кайтарылды
11.04.2023 | 12:28
Москва районундагы 154 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Текшерүү учурунда Айыл чарба министрлигинин Жер жана агрардык реформа боюнча борборунун жана “А-Б-А-С” ААКнын ортосунда түзүлгөн 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин жана Биринчи май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2005-жылдагы чечиминин негизинде 154 млн сомдук 28,02 гектар жер тилкеси (ат майданы) “А-Б-А-С” ААКына мыйзамсыз жеке менчике берилгендиги аныкталган.
Москва райондук прокуратурасынын жер аянттарын артка кайтаруу боюнча доо арызы сот органдар тарабынан канааттандырылып, муниципалдык менчикке кайтарылды.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом