Садыр Жапаров Азия чемпионатында байге алган балбандарды куттуктады

Садыр Жапаров Азия чемпионатында байге алган балбандарды куттуктады

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Астанада өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында байге алган балбандарды куттуктады.

Жапаров куттуктоосунда кыргыз балбандары эл аралык мелдештерде мыкты күрөшүп, дайыма алдыңкы орундарды алып келерин белгилеген.

«Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында спортчуларыбыздын бир тобу байгелүү орундарга ээ болгонуна кыргыз эли сүйүнүп, бири-бири менен кубанычтарын тең бөлүшүүдө.

Бул кубанычты тартуулагандар: алтын байге ээлери — Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Акылбек Талантбеков жана алтынга тете күмүш алган Үзүр Жусупбеков, коло байге ээлери — Роман Ким, Раззак Бейшекеев жана Адилхан Нурланбеков. Бул да болсо кыргыз спорту өнүгүп жатканынан кабар берет.

Балбандарыбызды бул жеңиши менен жалпы кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан куттуктаймын! Ошону менен бирге алдыда килем үстүнө чыгып, өлкө намысын коргой турган кыздарыбызга ийгиликтерди каалап кетмекчимин», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, күрөш боюнча Азия биринчилиги Астана шаарында өтүүдө. Ал 9-апрелде башталган, 14-апрелде жыйынтыкталат. Мелдештин алгачкы эки күнүндө грек-рим күрөшү боюнча таймаштар болуп өтүп, Акжол Махмудов (77 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акылбек Талантбеков (82 кг) алтын байге, Үзүр Жусупбеков (97 кг) күмүш, ал эми Роман Ким (130 кг), Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг) коло медаль тагынды.

Бүгүн, 11-апрелде Азия биринчилигинин алкагында кыз-келиндер арасында мелдештер башталат.

Азия чемпионаты: Грек-рим командасы экинчи орунду ээледи

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>