Кыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдөДанияр Мамыров: Ислам каржылоосу кандай иштейт жана эмнеге башка банктарга караганда кымбатыраакАстанадагы климаттык суу бөлүштүргүчУКМК «Евразия» соода борборуна эки ирет бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген шектүүнү кармады
Чолпон-Атада ат чабыш боюнча “Тайтору кубогу” өтөт
14.04.2023 | 09:45
15-апрель күнү Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) кыска аралыкка ат чабыш боюнча “Тайтору кубогу” өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, аргымактар 1200, 1600, 1800, 1400, 2000 метр аралыкка чабылат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, акчалай сыйлык жана медалдар тапшырылат. Байге фонду 100 миң сомду түзөт.
Мелдеш Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана “Аргымак” федерациясы тарабынан уюштурулууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз