УКМК: Мектеп окуучулары 11,8 млн сомдук баңгизат менен кармалды

УКМК: Мектеп окуучулары 11,8 млн сомдук баңгизат менен кармалды

Баңгизат таратууга шектелип Бишкектин мектеп окуучулары крамалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, 27-мартта Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчага баңгизаттарын «жашырууга» аракет кылып жаткан жеринен Бишкек шаарынын алдыңкы мектептеринин биринин 11-9-классынын 2005-жылы туулган А.А.Б. жана 2007-жылы туулган А.Б.Т. аттуу окуучулары кармалган.

«Кармалгандардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык «Альфа PVP» баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак (жалпы салмагы 27,6 грамм) табылып алынган. Бул 1 грамм заттын базар баасы 10 миң сомду түзөт, бир таңгагы интернет мессенджерлер аркылуу 5 миң сомдон сатылууда. Белгилей кетсек, бул табылып алынган 921 грамм баңгизаттан 2302ге жакын доза чыгат, башкача айтканда, бул баңгизаттын «дозалап» сатылган баасы 11 млн 857,5 миң сомго жетет», — деп билдирет атайын кызмат.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (Өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка караганда, аталган топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иштердин жүрүшүндө 4-апрелде Пудовкин жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кезектеги ири партияны алып жаткан жеринен 2004-жылы туулган А.С.Д. аттуу шаар тургуну кармалган.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына камаккка алынган.

УКМК учурда баңгизат таратып-сатууга мектеп окуучулары жана студенттер тартылган учурлар болгондуктан, ата-энелерди балдарына көңүл буруп, көзөмөл жүргүзүүгө жана түшүндүрүү иштерин алып барууга чакырат.

«Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай кылмыштар үчүн 14 жаштан баштап мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылдан 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертебиз.

Учурда аталган баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүүдө», — деп билдирет УКМК.

УКМК жарандарды баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катыштыгы бар адамдар тууралуу маалыматы болсо, кабар берүүгө чакырат, анонимдүүлүк сакталат.

Мындан тышкары, мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдар өз ыктыяры менен кызматташууга келсе, улуттук коопсуздук органдары максималдуу түрдө мыйзам чегинде коргоого алынарын жана жардам көрсөтүлөрүн белгилейт. Нөөмөт телефон номери: 0312-66-04-75; 0312-62-65-04.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>