Акылбек Жапаров Вашингтондогу тегерек столго катышты

Акылбек Жапаров Вашингтондогу тегерек столго катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Вашингтон шаарында (АКШ) өткөн суу тармагын өнүктүрүү боюнча тегерек столго катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада Жапаров Кыргызстан суу ресурстарын кылдат башкарууну жактай турганын жана «ар бир тамчы маанилүү» принцибинде иш алып барарын билдирген.

«Биз Борбор Азиядагы уникалдуу мамлекеттердин бирибиз, ал жерде суу ресурстары толугу менен өзүбүздүн мөңгүлөрдөн түзүлөт. Дарыялардын орточо жылдык агымы 48,7 куб километрди түзөт. Бул факт менен биздин өлкө региондук масштабда дарыя агымынын калыптануу зонасы болуп саналган мамлекеттердин катарына кирет», — деди ал.

Тегерек столдун жүрүшүндө ичүүчү таза сууга жеткиликтүүлүк, санитардык шарттарды жакшыртуу жана ирригациялык системаны өнүктүрүү маселелери талкууланган.

Иш-чаранын катышуучулары айткан маалыматка караганда, «суу күн тартибинин» негизги көйгөйү – бул каржылык ресурстардын жетишсиздиги гана эмес, суу ресурстарын эффективдүү эмес башкаруу.

Бул багытта Жапаров көпчүлүк өлкөлөрдө эскирген ирригациялык инфраструктураны модернизациялоо зарылдыгын белгиледи.

«Биз өлкөнүн калкын климаттын өзгөрүшүнүн таасирине даярдоо үчүн саясатыбызды, жоболорубузду жана институттарыбызды жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз. Быйыл 2040-жылга чейин Суу боюнча улуттук стратегия кабыл алынып, суу менен камсыздоо жана санитария жөнүндө мыйзамдар иштелип чыкты. Инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууда энергетикалык эффективдүүлүктү жогорулатуу милдеттери жана суу ресурстарын үнөмдөөгө жана эффективдүү пайдаланууга өбөлгө түзгөн климаттык долбоорлоо стандарттары эске алынат», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>