Бишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кести
Тайырбек Жумашбек уулу Азия чемпиону болду (видео)
14.04.2023 | 18:39
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) Астана шаарындагы Азия биринчилигинин финалында жеңишке жетип, Азия чемпиону болду.
Ал таймашка бүгүн, 14-апрелде чыкты. Чейрек финалдагы биринчи беттешинде Тайырбек Жумашбек уулу япониялык Кодаи Огаваны 4:1 эсебинде утуп алды.
Ал эми жарым финалда ал ирандык балбан Ясин Аббас Резаигузголехтен күчтүү чыкты. Беттеш 11:2 эсебинде жыйынтыкталды.
Финалда Тайырбек Жумашбек уулу кытайлык Лю Миңху менен күрөшүп, аны 4:2 эсебинде жеңип алды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз