Блогер Улукбек Карыбек уулу өзүнө козголгон иш жөнүндө айтты

Блогер Улукбек Карыбек уулу өзүнө козголгон иш жөнүндө айтты

Блогер Улукбек Карыбек уулуна козголгон кылмыш иши жабылып, дагы бир арыз боюнча кылмыш ишин ачуудан баш тартуу тууралуу чечим чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге блогер Улукбек Карыбек уулу билдирди.

Белгилүү болгондой, быйыл жыл башында Улукбек Карыбек уулу Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Тажикстандан келген этникалык кыргыздар туш болгон маселелер тууралуу видеоролик чыгарган. Ал берүүдөн кийин блогердин үстүнөн милицияга арыз түшүп, ал 11-январда Ысык-Ата райондук милициясына суракка чакырылган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча иш козголгон. Кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу 27-мартта ага карата козголгон кылмыш иши кыскартылган.

Андан тышкары, аталган видеодон кийин милицияга Ысык-Ата районундагы айылдардын биринин тургундары арыз жазып, анда блогер улуттар аралык кастыкты козутуп жатканын билдиришкен. Аталган арыз каттоого алынып, Улукбек Карыбек уулунун видеодогу сөздөрү боюнча экспертиза жүргүзүлгөн. Экспертиза блогердин айткандарында улуттар аралык кастыкты козуткан сөздөр жок экенин аныктаган. Ага байланыштуу түшкөн арыз боюнча кылмыш ишин ачуудан баш тартуу тууралуу токтом чыгарылган.

Reporter.kg’нин укук коргоо органдарындагы өздүк булактары блогерге козголгон кылмыш иши жабылганы тууралуу маалыматты ырастады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>